Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Аңчылык менен 6 тажик жараны кармалды

Кылмыш
28 - Март 2017
www.erkintoo.kg
492
Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чарада кекиликтерге мыйзамсыз анчылыкка баргандыгы үчүн Тажикстандын 6 жараны кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кармалган жарандардан аңчылык кылууда колдонулган кекилик кармоочу торлор, куштарды кармоочу капастар жеринде тартылып алынды. “Кармалган жарандар Тажик Республикасынын Исфара шаарынын тургундары Бехрузчон Шавкатзода, Толибжон Тошматов, Завар Тошматов, Иброхим Тошматов, Джавлонидин Нарзиев жана Хурмед Гафуров экендиги аныкталды. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан жеринде протоколдор толтурулуп, жогорудагы жарандарга жалпысынан 58 миң сом айып пул салынды”,-деп айтылат маалыматта. Мамэкотехинспекция тарабынан салынган айып пул жергиликтүү сот аркылуу толугу менен өндүрүлүп, мамлекеттин эсебине өткөрүлдү. Алынган далил буюмдар өрттөлүп жок кылынып, кармалган куштар кайрадан эркиндике кое берилди.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.