Курс НБ на 25.09.2020 $79,3499 €92,4942

​Абдыкалык Рустамов пара алып жатып кармалды

Кылмыш
01 - Август 2019
www.erkintoo.kg
230
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов пара алып жатып кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында 30-июлда агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов жана анын жардамчысы Арслан Ибраев 2000 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
"Кармалган кызматкерлер чет элдик жаранга Ананьево айылындагы Ысык-Көл токой чарбасынын жер фондунан 5 гектар жер берүү маселесин оң жагынан чечип берүү үчүн пара талап кылышкан. Аларды тинтүү учурунда ар биринин жанынан 1000 доллардан чыкты", — деп айтылат маалыматта.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.