Курс НБ на 17.10.2019 $69,8467 €77,4635

​Абдыкалык Рустамов менен жардамчысы УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды

Кылмыш
02 - Август 2019
www.erkintoo.kg
83
Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов менен жардамчысы УКМКнын тергөө абагына 1-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты. Рустамов менен жардамчысы 31-июлда пара алып жаткан жеринен кармалган болчу. УКМК кийин аткаминерлерди кармоо учурунда тартылган видеону жарыялаган. Кармалган кызматкерлер чет элдик жаранга Ананьево айылындагы Ысык-Көл токой чарбасынын жер фондунан беш гектар жер берүү маселесин оң жагынан чечип берүү үчүн пара талап кылышкандыгы айтылууда.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу