Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Абактан качкандар өмүр бою эркинен ажыратылышты

Кылмыш
17 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
434
Бишкек шаардык соту №50 абактан качкан Эдил Абдрахманов, Музаффар Уринов, Болот Курбанахунов өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтыргандыгы  тууралуу аталган адамдардын коомдук жактоочусу болуп жүргөн Токтайым Үмөталиева “Азаттыкка” билдирген. Шаардык соттун өкүмү 15-октябрда чыгарылган. Ал эми абактан качып, кийин атайын операция учурунда жок кылынган Алтынбек Итибаевди жашырган деп айыпталган Максат Абдрахманов 4 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө, ал эми ал жашап турган үйдүн ээси Нурсият Рысбекова 4 жылга жатак абакка кесилди. Эске салсак, былтыр 12-октябрда Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз адам үч кызматкерди өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылып качып чыккан. Алардын бешөө дароо кармалып, качып кеткендердин үчөө кармоо операциясы учурунда жок кылынган.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.