Курс НБ на 15.09.2019 $69,8500 €77,4846

4 милиционерге кылмыш иши козголду

Кылмыш
04 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
52
Ленин райондук прокуратурасы Бишкекте мыкаачылык менен эркектер сабалган жерге барган төрт милиционерге каршы кылмыш ишин козгоду. Тергөө амалдары менен УКМК алектенүүдө. Жабыркагандардын биринин эжеси райондук прокуратурага кайрылып, милиционерлердин шалаакылыгына чара көрүүнү суранган. Эске салсак, 28-августта саат 7лерде  Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Окуя болгон жерге №479 экипаж чыгып кеткен. Алардын катарында милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери болгон. Мындан сырткары, окуя болгон жерге Чүй ОИИБдин кызматкери Казыбек Бапышев да келген. Ал шектүү Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен Сейитбеков Калысбек Сейитбековичти кылмыш болгон жерден алып кеткен. Учурда шектүүлөр изделүүдө.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу