Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

3 айлык бөбөктү сатабыз дешкен

Кылмыш
19 - Май 2017
www.erkintoo.kg
463
Бишкекте 3 айлык кызды сатууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Ысык-Көл облусунун 1995-жылы туулган К.А .аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу  12-май күнү Гоголь жана Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишинде чала тааныш Назира жана белгисиз аял алдоо жолу менен анын 3 айлык кызын 10 миң сомго сатып жиберишкенин айткан. Бул кылмышка шектелип, 1977-жылы туулган А.Н., 1982-жылы туулган А.Ж. жана 1991-жылы туулган С.Н. (ымыркайды сатып алган) кармалган. 3 айлык кыз болсо, соттун чечимине чейин Бишкектеги балдар үйүнө берилди.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.