Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Зордук-зомбулуктан жабыркагандар министрликке кайрыла алышат

Коом
10 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
480
Мындан ары зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун 112 кызматына кайрылууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы  билдирди.  Мамлекеттик бирдиктүү диспетчердик кызмат 2014-жылдын декабрь айында ачылган. Мындан ары "112 номерине гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жарандар да чалышса болот. Бардык маалыматтар анонимдүү болот",-дейт аталган борбордун жетекчиси  Мухамед Сваров. Ал бардык келип түшкөн маалыматтар, арыздар Ички иштер министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү органдарына өткөрүлүп берилээрин кошумчалады.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.