Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Жыл сайын депрессияга кабылган 800 миңден ашык адам өз жандарын кыйышат

Коом
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
395
Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча ушул тапта дүйнөдө 350 миллион адам депрессиядан жабыркайт. Жыл сайын алардын 800 миңден ашыгы өз жандарын кыйышат.
БДССУнун (ВОЗ) адистери депрессияны ден соолуктун олуттуу бузулууга дуушар болушу деп эсептешет. Адамды туңгуюк абалга кептеген депрессиянын айынан өз өмүрүнө кол салгандардын басымдуу бөлүгү 15-29 жаштагылар.
Кыргызстандын күнүмдүк криминалдык жаңылыктар хроникасы мындай маалыматтардан куру эмес. Депрессиялык абалга социалдык, психологиялык жана биологиялык факторлор дуушар кылары белгилүү. Депрессия өз кезегинде стрессти күчөтүп, адамдын жашоосуна, жакындарына жана айлана чөйрөсүнө залакасын тийгизет.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.