Курс НБ на 05.07.2020 $77,1102 €86,6140

ЖОЖго онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат

Коом
04 - Июнь 2020
Эркин Тоо
69
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди."Жогорку окуу жайга аралыктан тапшыруу үчүн онлайн-платформа иштелип чыкты. Жылына абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын алгандан кийин ЖОЖго барып, каалаган кесибин тандап, кутучага талондорун таштачу. Алар ошондой эле тандаган факультетине кандай балл менен канча абитуриент тапшырып жатканын монитордон көрүп турушчу. Быйыл мунун баары онлайн түрдө өтөт. Абитуриенттер өлкөбүздүн каалаган чекитинен системага кирип, ЖОЖдор тууралуу толук маалымат ала алат. Окуу жайлардагы факультеттер, андагы бюджеттик, контракттык орундардын саны менен таанышат. Талонун онлайн-каттоодон өткөрүп, кадимкидей эле башка абитуриенттер кайсы адистикке канча талон, кандай балл менен тапшырып жатканын көрө алышат. Окууга онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-25-июль аралыгында өтөт. Экинчи тур 27синен 31-июлга чейин, ал эми 3-7-август күндөрү үчүнчү тур менен жыйынтыкталат. Система өзү бүтүрүүчүнүн билим алган аймагына карап мурдагыдай эле автоматтык түрдө жеңилдиктерди берет", — деди Өмүров Спутник порталына маек куруп жатып.
l


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу