Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €85,1327

Жол кырсыктарынан болгон өлүм боюнча Кыргызстан экинчи орунда турат

Коом
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
629
Аналитиктер 100 миң адамга туура келген 150 өлкөдөгү жол кырсыгынан болгон өлүмдүн деңгээлин салыштырып көрүшүп, мурунку союздук мамлекеттердин  ичинен Казакстан биринчи, ал эми Кыргызстан экинчи орунда экендигин айтып чыгышты.  Тизме боюнча Казакстанда 100 миң адамга 24,2 өлүм туура келет. Кыргызстанда 22 адам каза табат. Үчүнчү орунда Орусия турат. Ал эми  Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөлөрү боюнча 2013-жылы жол кырсыгынан 1,25 млн адам каза тапкан.
Постсоветтик прибалтика өлкөлөрү жол кырсыктарынан каза тапкандардын саны боюнча артта. Көрсөткүч боюнча Литва — 10,6га, Латвия — 10го жана Эстония — 7ге чыккан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.