Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €85,1327

Жол кырсыктары, жол көйгөйү ЖК каралды

Коом
22 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
585
Жогорку Кеӊештин  21-сентябрындагы жыйынында өлкө турмушундагы бир катар маанилүү маселелер боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат угулду. Жол кырсыктарынын көбөйүшүнө депутат Алтынбек Жунусовдун пикиринде, жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды техникалык кароодон өткөрүүнү жеке компанияларга өтүп кетиши менен байланыштырып, бул кызмат көрсөтүүнү же мамлекеттик каттоо кызматына же ички иштер министрлигине берүүнү сунуштады. Депутат Махабат Мавлянова “Коопсуз шаар” долбоору качан ишке ашаарына кызыгып, азыркы тапта бул долбоор боюнча сот процесси жүрүп жаткандыгынан маалымдар болду. Жол кырсыктарын алдын алуу иштерине тийиштүү мамлекеттик  органдар кызуу киришүүсү боюнча Өкмөткө бир катар тапшырмалар берилди.
 
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.