Курс НБ на 18.09.2019 $69,7942 €76,9027

Жогорку соттун жаңы имаратында мейманда ЖМК өкүлдөрү

Коом
21 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
614
Өткөн апта аягында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Жогорку соттун жаңы имаратында болушту.
 Жогорку соттун басма сөз катчысы жаңы имарат менен тааныштырып, келген меймандарга сот отурум залдарын, процесстин катышуучулары үчүн күтүү залын, Жогорку соттун судьясы жана аппарат кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүн көрсөттү. Төрайым Айнаш Токбаева ЖМКнын өкүлдөрүнө, алардын чыгармачылык иштерине ийгиликтерди каалоо менен бирге мекеменин атынан чакан белек тапшырды. 
 Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева “Кыргызстанда улантылып жаткан сот реформасы” темасында журналисттер үчүн конкурстун башталышы тууралуу маалымат берди. Конкурстун уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Укук үстөмдүгүн чыңдоо долбоору.
 Конкурска жашы 18 жаштан жогору болгон Кыргыз Республикасында чыккан бардык ЖМКларда иштеген журналисттер жана эркин журналисттер (фрилансер) катыша алышат. Журналисттик иштер 2017-жылдын 30-сентябрына чейин v.sudpress@gmail.com дареги боюнча кабыл алынат.
 
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.