Курс НБ на 02.06.2020 $73,4927 €81,8635

Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборун 80 жылдык мааракеси менен куттуктады (фоторепортаж)

Коом
27 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
590

Бүгүн, 27-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Наталья Никитенко жана Ирина Карамушкина "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунун 80 жылдык мааракесине катышып, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун куттуктоо катын окуп беришти.

Жогорку Кеңеш Төрагасынын куттуктоосунда аталган борбордун Кыргызстандын келечеги үчүн жасаган эмгеги баса белгиленип, 80 жылдык тарыхында аткарган иштери коомдун өнүгүшүндө өзгөчө роль ойногондугу ачык көрсөтүлгөн.

Иш-чарага катышкан депутаттар Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн 80 миӊ сом акча каражатын материалдык колдоо катары тапшырышты.

Эске салсак, "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору үч миӊден ашуун өспүрүмгө 18 багыт боюнча мектептик предметтерден тышкаркы кошумча сабактар боюнча билим берип келет.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.