Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

ЖКда майда барат чыгымдарга эле 58 миллион 903,68 миң сом коротулган

Коом
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
365
Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Жогорку Кеңештин жалпы чыгымдоолору 514 миллион 268,11 миң сомду түздү. “Ачык бюджет” порталындагы маалыматтарда көрсөтүлгөн бул сумманын 509 миллион 934,71 миң сому республикалык бюджеттен алынган.
Депутаттар менен Жогорку Кеңештин аппараттык кызматкерлерине айлык маяна катары коротулган чыгымдоолор 330 милион 216,12 миң сомду түзгөн.
Мунун ичинен айлык маянага таза бөлүнгөнү – 118 миллион 680,54 миң сом, кошумча төлөмдөр – 70 миллион 788,76 миң сом, компенсациялар – 139 миллион 729,17 миң сом.
Командировкаларга – 13 миллион 62,40 миң сом, социалдык төлөмдөр – 49 миллион 469,97 миң сом, телефондук байланышка 7 миллион 900,46 миң сом төлөнгөн, ал эми майда барат чыгымдарга 58 миллион 903,68 миң сом коротулган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.