Курс НБ на 18.09.2019 $69,7942 €76,9027

Жергиликтүү соттордун биринчи жолу дайындалган судьяларына семинар өтүүдө

Коом
22 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
415
Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы менен биргеликте 2016-жылдын 21-22-ноябрында «Соттук чечимдерди түзүү техникасы» аталышындагы семинар өткөрүүдө.
 Иш-чараны GIZ Программасынын улуттук координатору Рустам Мадалиев ачып, тренерлер катары Бишкек шаардык сотунун судьясы Эрмек Бейсекеев, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Чинара Садырова жана Ольденбург шаарынын Жогорку сотунун судьясы (Төмөнкү Саксония, Германия) Хорст Фреельс окутууда.
 Ош шаарындагы бул семинарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган 19 судьясы катышууда.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.