Курс НБ на 30.05.2020 $73,7678 €82,0114

Жергиликтүү соттордун 16 төрагасы пилоттук тренингге катышууда

Коом
15 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
384
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте 13-14-февралда Кыргыз Республикасынын I инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу шайланган төрагалары үчүн пилоттук тренинг өткөрүүдө.

Иш-чаранын тренерлери – Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрайымы Джаркеева Э.С., Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун төрагасы Узакбаев А.Н. ошондой эле Европа Биримдигинин долбоорунун эл аралык эксперттери, Германиянын отставкадагы судьялары Манфред Верт жана Хельмут Палдэ.

Тренингди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымынын орун басары Базаралиева А.М., сот адилеттигинин Жогорку мектебинин мүдүрүнүн м.а. Тургунбаева Р.К., «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоорунун жетекчиси С. Кареклас жана электрондук сот адилеттүүлүгү жана сотторду башкаруу боюнча Европа Биримдигинин долбоорунун негизги эксперти К. Копецки ачышты.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.