Курс НБ на 02.06.2020 $73,4927 €81,8635

Жаза өтөөчү нааразычылык билдирип, оозун тигип алды

Коом
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
423
 
Бишкектеги №1 абакта жаза өтөп жаткан Рахимжан Бурадинов аталган тергөө абактагы кызматкерлердин мамилесине каршы экенин билдирип, оозун тигип алды. Анын жакындарынын айтымында, Р.Бурадинов №3 абактан №1 тергөө абакка мыйзамсыз которулган. «Аны Бишкек шаарынын Свердлов районунун соту каракчылык үчүн 10 жылга эркиндигинен ажыраткан. Жаза мөөнөтүн №3 абакта өтөөсү белгиленген. Бирок, бир жума мурун эч себепсиз №1 абакка которушту. Ошондой эле, Рахимжан СПИДге чалдыккан. Бул абакта дарылоо иштери да жүргөн жок. Ал дайыма дары-дармектерди колдонуп турушу керек. №3 абакта дары-дармек берип турушчу. Мындан тышкары, сен сырттан бир нерсе алдың деп, аны дайыма аңтарып турушат экен. Рахимжан эч нерсе албаганын айтып жатат», - деди Р.Бурадиновдун жакындары.  Учурда Р.Бурадиновдун оозу тигилүү.
 
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.