Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги калкка жардам көрсөтүү үчүн жаштар арасынан ыктыярчыларды издеп жатат

Коом
07 - Июль 2020
Эркин Тоо
74

Мамагенттиктин маалымат кызматы билдиргендей, ыктыярчыларды жумушка тартуу Улуттук Кызыл жарым ай коому жана Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте ишке ашууда.

"Ыктыярчылар Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында жардам көрсөтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Алар медиктерге төмөнкү иштерде жардам берет:

  • имараттын ичинде аралыкты сактоо жана бет каптарды кийип жүрүү эрежелерин сактоону көзөмөлдөө;
  • социалдык тармактардын ишине;
  • статистикалык маалыматтарды электрондук форматка киргизүүгө;
  • тизмелер менен иштөөгө;
  • телефон аркылуу, онлайн-кеңеш берүү боюнча иштерге.

Тандалган ыктыярчылар кыска мөөнөттүү курстардан окутулуп, аларга жеке коргонуу каражаттары толугу менен берилери айтылды.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу