Курс НБ на 20.11.2019 $69,8500 €77,2506

Жарнак таратуу иштери жөнгө салынат

Коом
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
407
19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланды. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Жарнак жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралды. Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан бул мыйзам долбоорунда аялдамаларга жарнактарды жарыялоо ошол унаа токтотуучу жайдын ээси болгон аткаруу бийлигинин уруксаты менен гана ишке аша тургандыгы белгиленген.  Адистердин маалымдашынча, аялдамалардын атайын реестри болушу зарыл. Талкуунун жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору  Жогорку Кеңештин кароосуна экинчи окууда чыгарылмай болду.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.