Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Ысык-Көлдө мал ууруларын жетектеген мурдагы депутат колго түштү

Коом
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
392
Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда Тоң районунда кармалган кылмыштуу топ түндүк региондордо мал уурулугу менен алектенчү. Беш адамдан турган топту Нарын облусунун Кочкор районунун мурдагы айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңештин экс-депутаты жетектегени аныкталды. Жалпысынан алар 90дон ашык ири мүйүздүү малды уурдап кетүүгө жетишкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектелүүчүлөр камакка алынды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.