Курс НБ на 15.09.2019 $69,8500 €77,4846

Япониянын өкмөтү жаңыланды

Коом
12 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
15
Кечээ, 11-сентябрда Японияда министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндүгүн өкмөттүн башкы катчысы Ёсихида Суга жарыялады. Жаңы дайындоолордун ичинен өкмөткө өлкөнүн мурдагы премьери Дзюнъитиро Коидзуминин уулу - 38 жаштагы Синдзиро Коидзуминин келишин жана ТИМдин жетекчиси Таро Кононун коргоо министри кызматына орун которуусун башкы окуя катары белгилөөгө болот деп маалымдады РИА Новости. С.Коидзуми кабинет курамына кирген эң жаш министр болуп калды. Социологдордун божомолунда, ал болочокто премьерлик кызматка ылайыктуу фигура. Жаңы өкмөттүн орточо жаш курагы 61,5 жашты түздү. Жаңы кабинет курамын шаршемби күнү кечинде императордун бекитүү аземи өттү.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу