Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Япон технологу нарындыктарга куруттан момпосуй жасоону үйрөттү

Коом
24 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
27

22-октябрда Нарын мамлекеттик университетинин агрардык-техникалык факультетинде Япониядан келген тажрыйбалуу технолог нарындыктарга куруттан таттууну жасоону үйрөткөндүгүн Турмуш басылмасы жазды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эл аралык агенттиктин «Бир айыл — бир продукт» долбоору, Нарын мамлекеттик университети жана соода-өнөр жай палатасы менен бирге уюштурулган. Окуу эки күнгө созулуп, биринчи күнү азыктардын пайдалуулугун анализдөө, аларды туура колдонуу, ар бир аймактын продуктуларын

бренд кылып чыгаруу боюнча теориялык сабак өткөрүлгөн. Ал эми окуунун экинчи күнү бардык катышуучуларга «Нуга» таттуусунун жасалышы практикалык түрдө көрсөтүлдү.

Соода-өнөр жай палатасынын Нарындагы өкүлү Бейшенбек Турсунбаевдин билдиргенине караганда, Япониядан келген тажрыйбалуу технолог жергиликтүүлөргө курут жана балдан продукт чыгарып, аны бренд кылууну сунуштаган.

«Тажрыйба алмашуу багытында өткөн семинар чоң пайда алып келди. Буга чейин Япониянын белгилүү жана тажрыйбалуу технологу бизден чыккан азыктарды изилдеп, андан эмне жасаса болорун анализдеген экен. «Нуга» момпосуюн жасоону сунуштады. Буга өтө кымбат кошулмалар кереги жок экен. Курут, бал, кара өрүк, кант жана жумуртканын агы гана керектелет. Биз бул ишти улантып, алгач жергиликтүү деңгээлге чыгарып, андан соң аны экспорттосок болот. Брендди кандай кылып жайылтуу керектигин айтып, жардам берерин убада кылды», - дейт ал.

Япон технологу даярдалган продукт канча убакытка чейин сакталары боюнча практикалык анализ жүргүзөрүн билдирди.

«Нуга» таттуусуна керектелүүчү азыктар:

- 240 гр курут; - 200 гр бал; - 30 гр кара өрүк; - 125 гр шекер; - 1 даана жумуртканын агы.

Алгач бал менен сахарды аралаштырып, печкага коюп ээритет. Андан соң жумуртканын агын миксер менен торттун креминдей көбүк болгуча 15 мүнөттөй чалат. Курут менен кара өрүктү майдалап жумуртканын агына аралаштырат. Аны кайра ээриген балга кошуп, тез аралаштырат. Жакшы аралашкандан кийин идиштин ичин майлап салат. Андан соң 1 суткага чейин муздаткычка коюлат.

Асел Барыктабасова



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу