Курс НБ на 03.06.2020 $73,5222 €82,1316

Whatsapp Дубайдагы кыргыз кыздарды сексуалдык кулчулуктан сактап калды

Коом
15 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
574
Кыргызстандык кыздар Дубайга өткөн жылдын июль айында барышкан. Алар акыркы жолу орношкон жумушунда сексуалдык кулчулукка кабылышкан. Мындай маалыматты Sputnik басылмасы маалымдаган. Дубайда сексуалдык кулчулукка кабылган бир нече кыргызстандык кыз Whatsapp тиркемесинин геолокация (жайгашкан жерди аныктоо) функциясынын жардамы менен табылды. Бул тууралуу Gulf News агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда, кыргызстандык кыздар өткөн жылдын июль айында Бириккен Араб Эмираттарына жумуш издеп келишкен. Бул аралыкта алар бир нече иш алмаштырууга жетишкен. Кийин аларга Dubai International City кварталындагы мейманканалардын биринен жумуш сунушталган. "Көрсө аларды иш берүүчүлөр алдап койгон экен. Кыздар жаңы ишке келгенден кийин кулчулукка тушукканын түшүнүшкөн", — деп жазылат маалыматта. Алдамчылыкка кабылганын сезген кыздардын бири Кыргызстандагы байкесине Whatsapp аркылуу геолокациялык маалыматтарын жиберүүгө үлгүргөн. Жабырлануучунун жакыны Кыргызстандын Дубайдагы консулдугу менен байланышканда алар БАЭнин тиешелүү органдарын издөө иштерине тарткан. Тергөө иштеринин натыйжасында кыздарды сойкулукка мажбурлаган  Бангладештин 27 жаштагы жараны кармалып, кулчулуктан бир нече кыргызстандык кыз чыгарылган. Бирок алардын так саны айтылган эмес. Учурда шаардык прокуратура тарабынан соттук териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.