Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Вирус жуктуруп үйүндө даарыланган адам өзүнүн сакайып-сакайбагандыгын кантип билет?

Коом
13 - Июль 2020
www.erkintoo.kg
73

Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык COVID-19дун жеңил түрү менен ооругандар жана белгилери байкалбаган бейтаптар үйүндө обочолонуу менен дарылануу сунушталган. Ошол эле учурда дарыгерлер оорунун өтүшүп кетишине жол бербөө үчүн сөзсүз түрдө ооруканаларга кайрылууну жана дарыгерлерден онлайн кеңеш алууну айтып келишүүдө.

Вирус жуктуруп алган адам үйүндө даарыланып өзүнүн сакайып-сакайбагандыгын  төмөнкү төрт белги аркылуу билүүгө болот:

-Ден соолугунун абалы жакшырып, өзүн мурдагыдай сезип калат;

-Тамакка болгон табити мурдагыдан жакшырат;

-Даам сезүү пайда болуп, мурдагыдай даам сезип калат;

-Ошондой эле жыт сезүүсү кайрадан калыптанат.

Коронавирустун негизги белгилери болгон дене табы көтөрүлбөй, тердөө деген жок болуп, физикалык жактан алсырабай калса, анда ал адамдын иммунитети коронавирусту жеңген болот.
Булак: Марал радиосу 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу