Курс НБ на 29.05.2020 $73,7136 €81,0776

ВИЧке чалдыккандардын саны 2 айда 100дөн ашты

Коом
30 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
393
1-январга карата Кыргыз жергесинде ВИЧ менен ооругандардын саны 7100гө жеткен. Бул тууралуу  "Сорос-Кыргызстан" фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык 2016-жылы ВИЧке чалдыккан 712 адам аныкталган. "ВИЧ тармагындагы эпидемиологиялык абал начарлап, 2020-жылы өлкөдө 20 миң учур катталып, 8 миң адам дарыланууга мүмкүнчүлүгү болбой, каза болушу мүмкүн,- деп жазылат фонддун маалыматында. Андан тышкары маалыматтарда ВИЧке чалдыккандардын саны 2 ай аралыгында эле 100дөн ашканы кабарланган.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.