Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

“Уулумдун сөөгүн 12 жылдан кийин өз жерине алып келдик"

Коом
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
445
СССР кулаган соң, миграция башталды. Бүгүнкү күндө жер шарында кыргыз жашабаган өлкөлөр жокко эсе. Россия жана башка өлкөлөрдө миллиондон ашык кыргыздын уул-кыздары жашап, иштеп жатышканын айтып жүрүшөт. Албетте, алар жер көрүп, көңүл ачып, ойноп келели деп кеткен эмес. Көбүрөөк маяна алып, жакшы турмушта жашайлы деген ниет менен кетишкен. Миграциянын өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүнө жакшы таасир эткен жактары жана терс көрүнүштөгү көйгөйлөрү да толтура. Испаниянын Сантандер шаарында 12 жылдан бери жашаган жердешибиз Баариниса Абдылдаеванын уулу 2004-жылы авариядан каза таап, анын сөөгүн 2016-жылы 19-сентябрда Кыргызстанга алып келип коюшту. Оор шартка байланыштуу Ырысбектин сөөгүн алып келүүгө 12 жылга чейин мүмкүнчүлүк болгон эмес. Биз Баариниса айымды жогорудагы көйгөй боюнча кепке тарттык.
- Баариниса Абдылдаевна сиз Испанияда жашап, оор сыноолорго туш болуп, каза болгон уулуңузду 12 жылдан бери Кыргызстанга алып келе албай аябай кыйналыптырсыз. Себебин айтып берсеңиз?
- Испанияга чоң уулум 2000-жылы, андан соң кичүү уулум кетип, бир кызым Кыргызстанда калган. Кичүү уулум 3 жыл иштеп, 2004-жылы каза болуптур. Ал жөнүндө уул-кызым мага эч кандай кабар билдирген эмес. Көрсө авто авариядан каза тааптыр. Бирок, ооруп, жатат деп айтышканынан 2004-жылы Казакстандагы Испаниянын элчилигине барып, документтерди ырастап, 8-ноябрда ал жакка жеттим. Испанияда бош жер жок болгондуктан каза болгондорду өрттөп, күлүн кирпичтей болгон кутуга салып, кабат үйлөр сыяктуу биринин үстүнө бирин коюп кете берет экен.
- Кайсыл шаарда жашадыңыз?
- Сантандер. Уулум каза болгон соң, Испанияда 12 жыл жатты. Мен өрттөнгөнгө бербей акысын төлөп сөөгүн 12 жыл сактоого койдук. Уулумдун сөөгүн ата-журтуна алып келип өз салтыбыз менен жерге берүүнү милдетим деп билип, ушунча жыл бул жакка алып келүү аракетин жасап келдим. Акыры быйыл бул жакка алып келип, 19-сентябрда Кыргызстанга сөөгүн койдук.
- Өзүңүз ал жакта кандай иш менен алектендиңиз?
- Мен барган соң ооруп калып, уул-кызым иштеп жүрүштү.
- Уулуңуз Ырысбекти Испанияда жерге бергенге 18000 доллар сураптыр деп уктук?
- Ооба, эгер страховкасы болгондо азыраак эле тыйын болмок экен.
- Бүгүнкү күндө улуу уулуңуз Данияр каякта?
- Австралиялык кызга үйлөнүп, беш жылдан бери Австралияда.
- Сантандер шаарында өзүңүздүн үйүңүз барбы?
- Жок.  Кызым Махабат Хосе Деммас Дел Рио деген испан жигитине турмушка чыккан. Баарыбыз чогуу жашайбыз.
- Испандардын кыргыздардан кандай айырмасы бар?
- Бирөөлөрдү алдабаган, бирөөлөрдүн акысын жегенге кызыкпаган, дүнүйө дегенде көмкөрөсүнөн түшпөгөн адамдар.
- Кызыңыз Махабат каза болгон уулуңузга жазган күйүт ыры бар деди эле.
- Ооба, кызым менин күйүтүмдү ырга салган эле:
- Ичим жалын тышым чок Алла – ай,
Дардимди билээр энем жок Алла – ай,
Элиме келсем, агам жок Алла – ай,
Жат элге барсам балам жок Алла – ай,
Кыйналып жалгыз чоңойттум эле.
Урматың, сыйың көрбөдүм Алла – ай,
Айрылып жапжаш ботомдон мен,
Ажалым жетип өлбөдүм Алла – ай,
Жаннатта болсун жайларың балам,
Кечигип келдиң жайыңа балам.
Оо дүйнөң берип жараткан Алла – ай,
Ак пери болсун жандаарың балам!
 
Карбалас Бакиров


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.