Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Транспорт министри кымбат баалуу унааны кайтарып берди

Коом
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
381

Жакында транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровдун кытайлык компаниянын унаасын пайдаланып жүргөнү тууралуу маалымат  жарыяланган.  Айрым Жогорку Кеңештин депутаттары, "Коррупцияга каршы коомдук бирикмеси”  Айдаровдун аракетине укуктук баа берүүнү өкмөттөн өтүнүшкөн. Бул иш боюнча Транспорт жана жол министрлиги 10-октябрда министр чын эле кытайлык "Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн" компаниясынын Лексус 570 автоунаасын колдонуп жүргөнүн тастыктады. 2015-жылдын июль айында министрлик менен аталган компаниянын ортосунда Лексус 570 унаасын убактылуу пайдалануу жөнүндө келишим түзүлүптүр. Ага ылайык, министр унааны 1 жылдан ашык убакыттан бери каалагандай пайдаланып жүргөн. Белгилей кетсек, "Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн" компаниясы - Бишкек-Нарын-Торугарт, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруп жаткан ишкана.

 Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.