Курс НБ на 03.06.2020 $73,5222 €82,1316

Төрайым Бишкек шаарынын жана жергиликтүү сотторунун кеңешмелерине катышты

Коом
15 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
354
13-февралда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жергиликтүү соттору өткөн жыл ичиндеги ишмердүүлүк жыйынтыктары боюнча кеңешмелерин өткөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун төрагалары, орун басарлары жана судьялары катышышты.  Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева соттордун ишмердүүлүгү жөнүндө билдирүүлөрдү угуп, сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүгө, коомдун сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга, бардык судьяларга ишти бирдей бөлүштүрүү, анда убактысын, белгиленген мөөнөтүн, процессуалдык нормаларды сактоо, коррупцияга жол бербөө, судьялар менен сот кызматкерлеринин тараптар менен байланышка барбоосу, мамлекеттик алым, соттук чыгымдарды өндүрүү боюнча аткаруу баракчаларын өз убагында өткөрүп берүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөө, жер маселеси, жашы жетпегендерге карата ишти кылдат кароо жана башка маанилүү маселелерге токтолду.
Ошондой эле Жогорку соттун Төрайымы чогулушту жыйынтыктап жыл жыйынтыгы боюнча сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы көрсөткүчкө жетишкен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбекке жана Чүй облусунун райондор аралык сотунун судьясы Султаналиев Нурланга алкыш жарыялады.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 3-февралында Нарын облустук сотунда, 4-февралда Ысык-Көл облустук сотунда, 7-февралда Баткен облустук сотунда жыйынтыктоочу кеңешмелер өткөн. Баткенге болгон жумушчу сапарынын алкагында Төрайым Кадамжай райондук сотунда болуп, андагы соттун имаратындагы оңдоо иштери менен таанышкан. 8-февралда Ош жана Жалал-Абад облусттук соттору, ал эми 9-февралда  Талас облустук соту өз жыйынтыктарын чыгарышкан. 
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.