Курс НБ на 29.05.2020 $73,7136 €81,0776

Тоолуу жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Коом
23 - Март 2017
www.erkintoo.kg
306
23-марттан 28-мартка чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Республиканын тоолуу райондордун жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуу,  Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Көк-Бел ашуусунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында кар көчкү коркунучу бар. Мындан сырткары, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Кара-Көө ашуусунда, Ийри-Суу тилкесинде, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Барскоон, Сөөк ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.