Курс НБ на 24.10.2019 $69,8230 €77,6292

Тоолорго кар жаайт

Коом
10 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
23
Кыргызгидромет борборунун  жакынкы күндөргө карата берген маалыматына караганда, 10-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. 11-октябрда күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми 12-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13-октябрда күндүз жана 14-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. 15-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 16-октябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай аба ырайы тоолорду мал кармоону, коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу