Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Татарстандын муфтийи баштаган мусулмандар Меккеде ишембилик өткөрүштү

Коом
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
577
Татарстандын муфтийи Камил Смагулин баштаган ажылардын тобу Мекке шаарынан кайтуу алдында  ажылар жайланышкан жайда тазалык ишин жүргүзүшүп, көчөдөгү таштандыларды тазалап чыгышты. "Дүйнө элдеринен келгендерди айтпаганда Орусия ажыларынын өзү он миң чамалуу. Калаа бийлигинин тазалык ишин жүргүзүп, тартип орнотууга чамасы келбей жатат деп айтууга болбойт. Ошол себептен Меккеликтерге көмөк көрсөтүүгө кириштик.  Алланын элчисинин хадисинде "Тазалык-ыймандын жарымы" экендиги ачык айтылган",-деди Татарстан республикасынын муфтийи  Камил Смагулин.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.