Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Табып Зайналиев маалымат жыйынын өткөрөт

Коом
01 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
525
Уруксат кагаздары жок иштеп жаткан табып Ашым Зайналиев маалымат жыйын өткөрөт. Ушул жылы табып,  биохимик Ашым Зайналиев бир аялдын көкүрөк безин кесип салып, натыйжада бейтап көп кан кетип каза тапкан. ИИМ ага карата  “мыйзамсыз дарылоо”  боюнча кылмыш ишин козгогон. 28-октябрда лицензиясы жок иштеп жаткан менчик клиникасын жаап, анда дарыланып жаткан бейтаптарды мамлекеттик ооруканага которуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана ИИМдин кызматкерлери барышкан. Онкологиялык оорулар менен ооруган 14 адам мамлекеттин мындай кадамына нааразычылыгын билдирип, мекемени жабууга каршы болушуп жабылбай калган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.