Курс НБ на 18.09.2019 $69,7942 €76,9027

Суук тийгенде эмне кылуу керек?

Коом
22 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
2874
1. Өгөй эне-өз эненин кургатылган жалбырактарын чай сыяктуу бир стакан кайнак сууга демдөө керек. Маңыз бир аз муздап, температурасы 40 градуска чейин түшкөндө ага 1 чоң кашык балды кошуп, аралашманы күнүнө 2-3 жолу 1 чоң кашыктан колдонуу эң жакшы жыйынтык берет.
2. 1 литр сууну кайнатып, ага 2 чоң кашык шалфейдин жалбырагын, 2 тишче майдаланган сарымсак, жарым лимондун ширесин жана 2 чоң кашык балды кошуп аралаштырып, 5 мүнөт тыныктыруу керек. Бул аралашманы ысык бойдон жарым стакандан ар саат сайын ичип туруу натыйжалуу болот. Ларингитте:
3. Лимон ширеси менен балды аралаштырып, жай отко бир аз ысытып алып, бир чай кашыктан ар жарым саат сайын айыкканга чейин ичип туруу сунуш кылынат.
4. Сабиздин ширесине кайнак суу жана бал кошуп, жарым стакандан жатаарда ичүү керек.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.