Курс НБ на 12.12.2019 $69,8500 €77,4252

​“Спутник жасаган кыргызстандык айымдар – дүйнө жүзүнө бирден бир үлгү”

Коом
10 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
82
Бишкекке АКШнын аэронавтика жана космикалык мейкиндикти изилдөө боюнча улуттук башкармалыгынын (НАСА) инженери доктор Камилл Уордроп келди. Бул туурасында  “Кабар” агенттигинде өткөн  пресс-конференцияда белгилүү болду.
Аталган жолугушуу “Апполон-11” миссиясынын 50 жылдык мааракесине арналган.
Доктор Аллейн так илимдер, инженерия, математика, физика жана башка тармактарга  аялдарды тартуу керектигин  коомчулукка жеткирүү үчүн келген. “Мен өзүмдүн кесиптик 25 жылымды спутниктерди курууга, учуучу аппараттардын дизайнын жасоого арнадым. Бир нече илимий даражаларга: машина куруу боюнча бакалаврга, аэрокосмикалык инженериянын магистратурасына ээ болдум. Коммерциялык директордун орун басарымын, биз адамды Айга учуруунун  үстүндө иштейбиз. Айды изилдөөдө  жеке компаниялар жана уюмдар менен иштешебиз. Максатыбыз - 2024-жылы адам бутун кайрадан айдын үстүнө чыгаруу”, - деп билдирди Доктор Аллейн
Ошондой эле, Аллейн өз сөзүндө спутникти жасоонун, жаратуунун үстүндө эмгектенген кыргызстандык айымдарга токтолду.
“Спутникти жасоо жана аны чыгаруу оңой эмес. Дүйнө жүзүндө биринчи жолу аялдардын тобу миниспутник чыгаруу үчүн чогулушуп,  команданын мүчөлөрүн аялдар түздү”,- деп сүйүнүү менен белгиледи.
АКШнын элчилигинин колдоосу астында  доктор Аллейн ушул жылы март айынан июнга чейин кыздарга 4 жолу семинар өткөргөн. Алар сабактардын жүрүшүндө инженердик ишти, спутник жасоону жана  маалыматтарды берүү, кое берүү учурундагы тесттик процедуралар боюнча теориялык билимдерге ээ болушкан.
Кундуз Апышова
“Эркин Тоо” гезитинин практиканты


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.