Курс НБ на 06.04.2020 $84,8713 €91,6483

Спирт ичимдигин айыл чарба министрлиги көзөмөлдөйт

Коом
07 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
430
Көзөмөлдөө милдетин Салык кызматы аркалап келгендиктен алкоголь өндүрүү тармагынын өнүгүшүнө мамлекет аз көңүл буруп келген. Эми бул тармактын өнүктүрүү милдети Айыл-чарба министрлигине берилди деп айтылат маалыматта. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине тез арада алкоголдук продукциялардын айлантылышы жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл функциясын ишке ашырууда нормативдик-укуктук актыларды тартипке келтирүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн малымат кызматы билдирди. Мындай буйрук өкмөттүн "Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндөгү" токтомун ишке ашыруу максатында берилген. Аталган токтомго ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, жүгүртүү жана импорттоону көзөмөлдөө, лицензиялоо жана мамлекеттик жөнгө салуу боюнча функциялары Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берилген. Белгилесек, бардык функциялардын МСКда топтолушу мамлекеттин алкоголдук тармактын өнүгүүсүнө карата көзөмөлүнүн төмөндөшүнө жана анын экспорттук мүмкүндүктөрүнүн кыскарышына алып келген. Функциялардын бөлүштүрүлүшү Айыл чарба министрлигинин алкоголдук продукцияны өнүктүрүү боюнча ыйгарым укугун чыңдайт. Ошол эле учурда Мамлекеттик салык кызматында акциздик маркаларды берүү, спирт ичимдиктерин чыгарган ишканаларга салык постун коюу, салык рейддердин уюштуруу, акциздик салыктарды чогултуу милдеттери калды.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.