Курс НБ на 02.06.2020 $73,4927 €81,8635

Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жаңы имараттуу болду

Коом
27 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
429
Буга чейин борбор мындан 70 жыл мурда салынып,  эскилиги жеткен имаратта жайгашып келген. Мамлекеттик борборду реконструкциялоого Америка өкмөтү 48 млн сом, ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы 2 млндон ашуун доллар суммасында көмөк көрсөткөн.  Борбордун ачылыш  аземине Вице-премьер-министр Олег Панкратов, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни жана бир катар уюмдардын өкүлдөрү менен сот тармагынын кызматкерлери  катышышты. Иш-чарада Кыргызстанда соттук –эксперттик ишти өркүндөтүү өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.