Курс НБ на 15.09.2019 $69,8500 €77,4846

Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкели ноябрда даяр болот

Коом
10 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
15

Таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкели ушул жылдын ноябрь айында, анын 80 жылдык мааракеси белгиленген күнгө чейин даяр болушу керек.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун директору Сагынбек Абдрахманов кабарлады. Анын айтымында, эстеликтин узундугу үч метрдей болот.

2017-жылы Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган айкел Сүймөнкул Чокморовго окшошпой калганы үчүн Маданият министрлигинин көркөм кеңеши аны алмаштыруу чечимин чыгарган.

Быйыл жайында кайрадан төрт этаптан турган сынак өтүп, 18 бедизчинин ичинен Азамат Абдрахманов тандалган. Жаңы эстелик ушул айкелдин ордуна коюлат.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу