Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

Сапаттуу билим уясынын жаңы окуу жылына кадамы арымдуу болсун

Коом
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
598
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 2016-2017-жаңы окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч, Түркиянын Туризм министринин орун басары Хусейин Найман, КРнын УИАнын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев, университет жетекчилери,  административдик кызматкерлер жана студенттер катышышты.
Салтанаттуу иш-чаранын ачылыш сөзүндө окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен студенттерди жаңы 2016-2017-жаңы окуу жылы менен куттуктады. Ар убак бейпилдик жана ийгиликтер болушун каалап, Манас университети бир гана Кыргызстан жана Түркия эмес, бүтүндөй түрк тилдүү мамлекеттер үчүн түзүлгөн орток бир долбоор болуп саналарынан кабардар кылды. . Биздин окуу жайда билим алуу жана келечекте илимий иш-аракеттер жүргүзүү үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Окутуучулук курам Кыргызстандагы эң мыкты окутуучулар менен толукталган. Биз ар дайым өзүбүздүн бүтүрүүчүлөр менен сыймыктанабыз. Алардын сапаттуу билиминин натыйжасында 32 мамлекетте эмгектенип жүрүшөт. Манас университети келечекте эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу ЖОЖдордун катарында болуу  максатын көздөй бермекчи жана  жогорку деңгээлге жетишинин себеби жалпы жамааттын үзүрлүү эмгегинин акыбети. Ал эми университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев:  Ар бир жыл өзүнүн жаңы жаңылыктары менен келип, жаңы максаттарды алдыга коет. Андыктан, биз бул жылы мурунку жылдардан да күчтүү максаттарды алдыга коюп, жаңы иштердин үстүндө иштейбиз жана билим берүүнүн сапатын дагы жогорулатып, жаңы программаларды ишке ашырабыз, сандык эмес сапаттык деңгээлге чыгабыз- деген оюн ортого салды.
Ал эми ТРнын Туризм минстринин орун басары Хусейин Найман эки элдин ортосундагы ынтымак, достуктун бекемделиши мени өзгөчө кубандырат дейт.  Манас университети келечекте мыкты жетишкендиктерди жаратарына үмүт-тилек кылаарын белгиледи. Бул иш-чаранын негизги өзөгү жаңы окуу жылынын биринчи сабагын КРнын УИАнын вице-президенти, академик А. Акматалиев “Манастан Айтматовго карай” деген темадагы сабагы болду.  Анда кыргыз элинин улуу “Манас” эпосу менен кыргыздын улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун жазгандарына токтолду. Айрыкча “Манас” эпосунда жана жазуучунун чыгармаларындагы айрым бир окшоштуктарга басым жасап, Айтматов адамзат көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл буруп, келечекти көрө билгендиги тууралуу сөз кылып, сабакты абдан кызыктуу нукка бурду. Бул боюнча университеттин Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Айзат Таласбаева кабарлады.
Айзада Дүйшөнбаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.