Курс НБ на 29.05.2020 $73,7136 €81,0776

Революциянын сүрөттөрүн илүү сунушталды

Коом
15 - Март 2017
www.erkintoo.kg
334
 Депутат Жанар Акаев журналисттерди бир тараптуу күнөөлөгөн туура эмес экендигине токтолду. КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев Жогорку Кеңешке Шералынын чокоюндай кылып революциянын сүрөттөрүн илип коюну сунуштады. Парламентте сөз эркиндиги боюнча кеп козголуп, айрым депутаттар журналисттер чектен ашып жатканын айтып чыгышты. "Журналисттерди бир тараптуу күнөөлөгөн туура эмес. Алар депутаттардын сөзүнө таянуу менен жазып жатат да. Элдин баары парламентти карап отурса жазууга милдеттүү. Буга чейинки эки революциянын келип чыгышына сөз эркиндигинин басмырланышы да себеп болгон. Ошону унутуп калдыкпы. Андай болсо Шералынын чокоюндай кылып, сүрөттөрүн илип коелу", - деди Акаев. Эл өкүлү депутаттар да жоопкерчиликти сезе жүрүшү зарылдыгын кошумчалады.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.