Курс НБ на 18.09.2019 $69,7942 €76,9027

Профессор Миклош Кун Жогорку сотто болду

Коом
21 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
478
 Жогорку соттун жаңы имаратында Венгриядан келген окумуштуу, изилдөөчү, профессор Миклош Кун болду. Миклош Кун мырза Венгрияда жана дүйнөдө абдан белгилүү Бела Уитц аттуу сүрөтчүнүн чыгармачылыгын изилдеген окумуштуу. Ал азыркы Жогорку соттун имаратына бир кезде Бела Уитц тарткан фрескаларды көрүү үчүн атайын Венгриядан учуп келген.
Аны менен бирге Алматы шаарындагы Венгриянын консулдугунун Башкы консулу Ференц Блауманн мырза, Кыргызстандагы Венгриянын Ардактуу консулдугунун башкы консулу Генрих Балян , Алматы шаарындагы Венгриянын Башкы консулдугунун тышкы экономика боюнча атташеси Дёрдь Тар мырза жана Кыргызстандагы Венгриянын Ардактуу консулдугунун кеңешчиси В. Саулин  коштоп келишти.
Жогорку сот жаңы көчүп кирген азыркы имараттын бай тарыхы бар. Ал жаңы курулгандан кийин Кыргыз ССРнин Жогорку Совети отурган жай болгон. Алгачкы өкмөт үйүнүн имараты 1936-жылдары курулган. Имаратты ошол кезде Кыргызстанда иштеген чет элдик, так айтканда венгр сүрөтчүсү Бела Уитц өз фрескалары менен кооздоп сүрөт тартып чыккан.
Тарыхый имараттын ичинде бир кездеги фрескалар 80 жыл болгондугуна карабай сакталып калган. Профессор Миклош Кун өз мекендеши тарткан тарыхый фрескаларды көрүп жатып, анын өмүр баянындагы Кыргызстанга байланыштуу кызыктуу фактылары менен бөлүштү.
Сүрөтчү өзүнүн чыгармачылык жолунда көп кыйынчылыктарды көрүп, Ата мекенинде гана эмес, Москвада дагы, Кыргызстанда дагы куугунтуктарга туш болгон.
Атактуу венгр сүрөтчүсү Бела Уитц Кыргызстанды жаңыланууга мүмкүнчүлүк катары, өз талантын чындап ача турган жер катары көргөн, бирок ал мүмкүнчүлүктү, тилекке каршы колдоно алган эмес. Ага карабастан сүрөтчү Кыргызстанда тартылган сүрөттөрүн өзүнүн коллекциясында сактап калган. Кыргыз жергесин ал өзүн ажалдан аман алып калган ажайып жер катары жакшы көрүп, ошол учурду чыгармачылыгынын гүлдөп турган кези катары баалаган. Кыргыз дыйкандарынын, малчыларынын чыныгы катаал турмуштун изи түшкөн жүздөрүн чагылдыргысы келген.
Миклош Кундун айтымында, Бела Уитц Ленин менен Сталиндин портреттерин эң мыкты тарткан сүрөтчү болгон. 
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.