Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Президенти Алмазбек Атамбаев үч жашар Ыскак Үсөновдун үй-бүлөсүн турак-жай менен камсыз кылуу тапшырмасын берди

Коом
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
414
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-сентябрда үч жашар Ыскак Үсөновдун үй-бүлөсүн турак-жай менен камсыз кылуу тапшырмасын берди.
Кара-Cуу шаарындагы базарда контейнер алдында жерде уктап жаткан баланын сүрөтү көптөгөн электрондук басылмаларда жарыяланган соӊ Президент бул баланы таап, анын үй-бүлөсүнө колдон келген жардамды берүүнү тапшырды. Бул тапшырманы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Фарид Ниязов Өкмөттүн вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиевага жана Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевге берди.
Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдө эне менен баланы коргоо маселелерине байланышкан кырдаалды кайрадан тереӊ талдоосу зарыл.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.