Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Премьер-министр Сооронбай Жээнебеков «Газпром нефть Азия» компаниясынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды

Коом
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
541

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, «Газпром нефть Азия» компаниясынын 10 жылдык юбилейине байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты.

Салтанаттуу жыйындын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков «Газпром нефть Азия» компаниясынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы жана жемиштүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

Керимбаева Чынар Сулайманкуловна – «Газпром нефть Азия» ЖЧК № 4-май куюучу станциясынын 4-разряддагы оператору;

Колпаков Анатолий Валентинович  – «Газпром нефть Азия» ЖЧК май куюучу станцияларын техникалык жактан тейлөө боюнча бригаданын жабдууларды оңдоо боюнча инженери;

Чубаров Айдарбек Булатович -  «Газпром нефть Азия» ЖЧК «Балыкчы» нефтебазасынын начальниги.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.