Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2014-2016-жылдары 54 879 Кыргыз Республикасынын жараны “кара тизмеден” чыгарылган

Коом
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
519

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  21-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышып жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү толук курамда эмгек мигранттарынын укугун коргоо боюнча аткарылган иштер тууралуу, жол кыймылынын коопсуздугун  камсыз кылуу жана жол-транспорт окуялары боюнча профилактикалык иштер, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу, чек ара жана башка маселелер тууралуу маалымат беришет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча маалымат берип жатып,  мигранттардын басымдуу бөлүгү Евразия экономикалык бирлигине кирген өлкөлөрдө иштегенин билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, 2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

“Келишимге ылайык Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү түзүлдү. Башка мамлекеттердин аймагында жүргөн биздин мекендештердин укуктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги тарабынан ишке ашыралат. Тышкы миграция агымы татыктуу жумуш табуу жана жетишээрлик маянага байланыштуу, ошондуктан жарандардын укуктарын коргоо өкүлчүлүктүн жана тиешелүү кызматтардын биринчи кезекте чечип бере турган тапшырмаларынын бири”, – деди ал.

Өкмөт башчысы Россия Өкмөтүнүн структуралык өзгөрүүлөрүнүн натыйжасында Федералдык миграциялык кызматы жоюлуп, миграция боюнча иштер Тышкы иштер министрлигине өткөрүлүп берилгендигин айтты. Муну менен көптөн бери калыптанып иштеп келе жаткан система үзгүлтүккө учурап, ал жакта эмгектенип келе жаткан биздин жарандар бир кыйла түйшүккө кабылганын билдирди.

“Бүгүнкү  күндөгү дагы бир көйгөйлөрдүн бири – бул “кара тизме”. 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата “кара тизмеге” кирген кыргыз жарандарынын саны 119 миңге жетти. Бир катар сүйлөшүүлөрдүн, аракеттердин натыйжасында 2014-2016-жылдар арасында “кара тизмеден” 54 879 адам чыгарылган”,-деди Премьер-министр.

“Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине кошулгандан бери мигрант мекендештерибиздин абалы сезилерлик жеңилдеди. Бирок буга карабастан, эмгек мигранттарыбыздын негизги көйгөйү – жумуш берүүчүлөрдүн алдап кетүүсү жана эмгек акысын бербей коюшу болуп жатат. Буга кыргызстандык айрым эмгек мигранттары чет элдик мыйзамдарды сактабай, эмгек келишимин түзбөй иштегендиги дагы негиз болууда. Өкмөт ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке орношуу шарттары тууралуу активдүү түрдө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин алып барууда”, – деди Премьер-министр.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда миграциялык тармакты тейлеген мамлекеттик органдын тез-тез алмашылышы – эмгек мигранттарына натыйжалуу көмөк көрсөтүүгө тоскоолдук болгонун кошумчалады.

“Миграция иштери 1993-жылдан 2016-жылга чейинки мезгил ичинде 8 жолу бир ведомстводон башкасына өткөрүлүп турган. Азыр – Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызмат түзүлдү. Миграциялык саясатты ишке ашырууну  координациялоо жана контролдоо максатында 2016-жылдын 6-майында миграция боюнча Координациялык кеңеш түзүү тууралуу Өкмөт чечим кабыл алган.  Миграция боюнча Кыргыз Өкмөтү негизги эки багыттагы ишти жүргүзөт.  Биринчиси – эмгек мигранттарын кызыкчылыктарын мыйзамдуу жолдор менен коргоо. Миграция мыйзамдарын жакшыртуу. Экинчиси – Кыргызстандын экономикасын өстүрүү аркылуу жаңы жумушчу орундарын түзүү. Калкты жумуш менен камсыз кылууну жакшыртуу”, – деди Өкмөт башчысы.

Премьер-министр белгилегендей, мамлекетти өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү иш-чаралары калктын кирешесин жогорулатуу, башка өлкөлөргө чыккан агымды кыскартууга багытталган.

“Миграция маселеси июль айында Президент жетектеген Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинде каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Азыр Кыргыз Өкмөтү бул багытта иштерди колго алууда. Коргоо Кеңешинин чечиминде 2030-жылга чейин мамлекеттин миграциялык саясатында республиканын бардык аймактарында калкты иш менен камсыз кылууну жогорулатуу жана тышкы, ички миграцияны кыскартуу маселелери каралган. Өкмөт бул жаатта тийиштүү иштерди аткарууда”, – деди Сооронбай Жээнбеков.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.