Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

Парламент жаңы 120 отургучтуу болду

Коом
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
375
Жогорку Кеңештин депутаттарына жаңы креслолор сатылып алынды.  Бул маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан тастыкташты. Креслолор донорлордун акчасына сатылып алынганы, бюджеттен эч кандай каражат жумшалбаганы айтылды. Депутаттардын отургучун жаңылоого эл аралык уюмдардын бири жардам көрсөткөн, баасы канчадан экени маалымдалган жок. Эскерте кетсек, 2015-жылдын 8-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Сатылып алынуучу 120 кресло интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жаратып, нааразычылыктардан кийин парламент бул тендерди жокко чыгарган эле. Депутаттарга баары бир жаңы кресло сатылып алынарын 4-ноябрдагы парламент жыйынында спикерликке талапкер Асылбек Жээнбеков билдирген. Айтылгандай эле, отургучтар сатылып алынды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.