
Курс НБ на 08.03.2021 $84,8000 €101,1579

Ошто балдар пневмониядан каза болуп жатат деген маалымат жалган
Социалдык тармактардагы Ошко жакын жердеги көрүстөнгө пневмониядан каза болгон балдардын сөөгүн бат-бат алып келип жатат?- деген маалымат жалган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош шаардык балдар инфекциялык стационарынын башчы дарыгери Бакай Акматовдун айтымында, 2021-жылы январда жалпысынан ар түрдүү оорудан жабыркаган 356 бала дарыланып чыккан, өлүмгө жеткирген учур катталган эмес.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек