Курс НБ на 08.04.2020 $84,8713 €91,6016

Ош шаарында дүйнөлүк интеллектуалдар форуму өтөт

Коом
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
522
15-сентябрдан 17-сентябрга чейин байыркы Ош шаарында Тарых жана маданият жылына карата Эл аралык интеллектуалдардын «Жибек Жолундагы сукбат» аттуу форуму өтөт. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы билдирди.
Форумдун иш-чарасы Ош мамлекеттик университетинин базасында жүрөт. Миңдеген жыл тарыхы бар байыркы Ош Улуу Жибек жолунун негизги артериясы катары көптөгөн доорлорду, цивилизацияларды көргөн, тогуз жолдун тоомундагы шаар. Байыркы шаардагы эл аралык интеллектуалдардын форумуна Россия, Улуу Британия, Кытай, Корея, Түркия, Азербайжан, Борбор Азия сыяктуу 10дон ашуун мамлекеттердин белгилүү окумуштуулары, маданият, адабият, кино ишмерлери, философтор, саясатчылар, теологдор, журналисттер, тарыхчылар катышат. Форумдун башкы максаты – эл аралык маданий мейкиндикти кеңейтүү, маданий диалогду күчөтүү  болуп саналат.

Мээрим Бактыбек кызы



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.