Курс НБ на 03.06.2020 $73,5222 €82,1316

Орусияда унутчаактыкка каршы дары табылды

Коом
14 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
430
Орусияда  унутчаактыкка каршы биринчи дары ойлоп табылганын РИА Новости агенттиги "Известия" гезитине шилтеме кылып билдирди. Аталган  дарыга клиникалык сыноолор жүргүзүлүп 2020-жылдан кийин сатыкка чыгышы мүмкүндүгүн Россиянын илимдер академиясынын биоорганикалык химия институтунун директор орун басары Александр Габибов дагы билдирет. Жаңы ойлонулган дары эс тутуму начарлаган кишилерди кайтадан коомго кайтарууда активдүү кыларын адистер айтууда. Маалыматтарга караганда, аутоиммундук дарттар онкологиялык ооруга абдан окшош болгондуктан  айыктыруу оор, кээ бир учурларда мүмкүн эмес. Дарттын ичинен  нейродегенаративдик унутчаак оорусу да бар. Ал өөрчүп кеткенде бейтаптын денеси өз белокторунан аутоантитела иштелип чыгат. Учурда аталган дарынын клиникалык биринчи сыноолору аяктаган.  
 Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.