Курс НБ на 02.06.2020 $73,4927 €81,8635

Окуучуларды “нөөмөтчү” кылууга тыюу салынды

Коом
30 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
375
Эми  мектеп окуучулары сабак учурунда нөөмөтчү болууга, ашканага жардамдашуу, мектеп аймагын тазалоо сыяктуу иштерге катышпайт.  Мектеп директорлоруна окуучуларды сабактан себепсиз таратууга катуу тыюу салынды, ал эми мугалимдердин окуу убагында окуучуларды кароосуз калтыруусуна уруксат берилбейт. Мындай маалыматты  Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматтарга караганда, директорлорго балдардын үйдөн тышкары көчөдө кеч жүрүүсү боюнча ата-энелер менен чогулуштарды өткөрүү тапшырылды. Министрликтин көрсөтмөсүнө ылыйык, сабакка кечигип келүү же мектеп кийиминин жоктугу окуучуну сабакка киргизбей коюу болбошу керек. Окуучуларды сабактан чыгарып жиберүүгө да  тыюу салынат. Эгерде  балдар ооруп калса мугалим окуучуларын нөөмөтчү администраторго тапшырып кетүүсү керек.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.