Курс НБ на 08.04.2020 $84,8713 €91,6016

Окуучулар ысык тамак менен камсыздалышат

Коом
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
540
Келерки жылдан тарта Кыргызстандагы 114 миң окуучу ысык тамак менен камсыз болот. Бул тууралуу  РФтин Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Анткени долбоор Россиянын каржылык көмөгү менен ишке ашмакчы.  Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча акыркы үч жылдан бери Кыргызстан Россиянын каржылоосу менен Дүйнөлүк азык-түлүк программасын ишке ашырып, мектептеги тамак берүүнү жакшыртууну ишке ашырууда. Учурда сынамык программанын негизинде 261 мектептеги 62 миң окуучуга ысык тамак берилүүдө. "Кийинки жылдан тарта дагы 109 мектеп аталган программага кошулат. Ысык тамак менен камсыздалган окуучулардын саны 114 миңге чейин жогорулайт",-деди Крутько. Анын айтымында, тамак бышыруучу жабдуулар Россиядан алып келинип, РФтин байытылган ундары колдонулууда. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 2013-жылы эле 12 миллион доллар бөлүнгөн. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Рам Сараванамутту акча бөлүнгөндүктөн бул иштер жасалганын кошумчалап, каржылоо улантыларын кошумчалады.

Жазгүл Кенжетаева
 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.