Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Окуучу 5-кабаттан секирип каза болду

Коом
01 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
623
Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 8-класстын окуучусу секирип каза болду. Ал №12 мектептин окуучусу болчу. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 1-февралда таңкы саат 04:00 чамасында өспүрүм өзү жашаган үйдүн балконунан секирген. Азыркы тапта окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Ошондой эле, милиция кызматкерлери социалдык тармактардагы өлүмгө түрткөн оюндарды да иликтөөгө алууда. Буга чейин 2016-жылы Россиядагы өспүрүмдөр арасында «Көк кит», «Тынч үй» оюндары жайылып, өз жанын кыюуга жеткиргени айтылган.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.